Бүгүн, 7-мартта президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
“Ардактуу айымдар! Дүйнөдө сиздер: апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз, неберелерибиз бар болгон үчүн биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ.
Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.
Аялзаты Каныкейдин акылмандыгын, Жаңыл мырзанын каармандыгын, Курманжан датканын кайраттуулугун боюна сиңирген. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында сиздердин ишенимиңер, үмүтүңөр күчүбүзгө күч кошуп, элибизди жаркын келечек үчүн күрөшүүгө шыктандырып келген. Жаратканыбыздын колдоосу жана аялзатыбыздын акылмандыгы, мээрими, жаратман эмгеги, жоопкерчилиги Кыргызстаныбызды көптөгөн сыноолордон сактап калды" - деп башталган куттуктоодо аялдарга арналган жылуу пикир айтылат. Өлкө башчы айымдарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалап, Кыргызстанды өнүкккөн өлкөгө айлантуу башкы максат экенин айтат.