Кыргызстандын тарыхын сүрөттөр аркылуу чагылдырган интернет сайт ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта маалымат жыйын өткөргөн сайттын ээси Владислав Ушаков билдирди. "Ата-бабаларыбыздын жашоосу унутулуп бара жатат. Мындай сайтты ачуу демилгеси мындан 4 жыл мурун көтөрүлүп, бүгүн ишке ашып отурат. Тарых баарыбызга жеткиликтүү болушу керек деген ойдомун. Мында 2 миңдей сүрөт бар, ар бир сүрөт маалымат менен коштолгон”,- дейт Ушаков. Ошондой эле каалагандар эски, тарыхый сүрөттөрдү сайтка жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги айтылды, дареги foto.kg.