1-ноябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +8°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +8°C
Баткен облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +6°C
Нарын облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн -3°C
Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн +7°C