Бразилиянын Риу-Гранди-ду-Сул штатынын Мостардас шаарында 1,5 жаштагы Лоренцо аттуу бала жарарака түрүндөгү уулуу жыланды тиштегилеп өлтүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, наристе жылан менен ойноп жатып эч кандай жаракат алган эмес.
"Кичинекей Лоренцо үйүнүн короосунда ойноп отурганда анын жанына жылан сойлоп келген. Кантип кичинекей бала аны тиштеп өлтүргөнү белгисиз бойдон калды. Баланы дарыгерлер карашканда, анын бир да жеринен тиштин издери табылган эмес.
Жарарака – бул Түштүк Америкадагы жыландардын эң кооптуу түрү. Анын узундугу 1,4 метрге жетсе, уулуу тиштери 2 сантиметр болот. Бул жыландын түрү Бразилияда өтө көп болгондуктан, көп адамдар андан жабыркайт",- деп айтылат маалыматта.