"Бир түндө жаттаган ырды аткарып жатып жаңылып калдым" деген ырчы Кайрат Примбердиев “Главная сцена” сынагынын финалына өттү
Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын "Россия-1" телеканалындагы “Главная сцена” сынагына катышып жатканын жазган элек. Ырчы сынактын ар бир тепкичинен ийгиликтүү өтүп, финалга жолдомо алды. "Финалда 1-орунду алсам, Бишкекке барып жеке концертимди берем" деген ырчы SUPER.KG порталына сынактын жүрүшү тууралуу айтып берди.
"Биринчи чейрек финалда "Стряпуха" фильминен "Я любил одну милую" деген чыгарманы ырдап, кийинки турга өттүм. Чейрек финал өтө кыйынчылык менен өттү, себеби мурдагы тандоо турунан ашыкча катышуучулар алынгандыктан, жарым финалга эки ырчынын бирин тандап жатышты. Бизде болсо үч ырчы: мен, Арсений Бородин, Малика Раззакова үчөөбүздүн арабыздан тандап калышты. Мен ырдап бүткөндөн кийин калыстар тобунун мүчөсү ырчы Елена Ваенга аябай жактырып, элдин көзүнчө "телефон номериңди бер, мен сага жакшы сунуш кылам" деди. Маликага эч бир калыс добуш берген жок. Арсений Бородинге жана мага берилген добуштар экиге бөлүнүп, жарым финалга экөөбүздү тең алышты",- деген Кайрат Примбердиев.
Ырчы билдиргендей, жарым финалда Александр Зацепиндин бенефиси орун алган. А.Зацепин - режиссёр Леонид Гайдайдын Советтер Союзу учурунда тартылган легендарлуу комедияларына саундтректерди жазган композитор. Ал " Есть только миг", "Песенка про медведей", "Куда уходит детство?", "А нам всё равно" сыяктуу көптөгөн ырлардын автору.
"Калыстар тобунда Александр Зацепин өзү отурду. Мен "Куда уходит детство?" аттуу чыгарманы даярдап жаткам. Көрсө, Арсений Бородин дагы ушул ырды аткарам деп жаткан экен. Бир түндө "Есть только миг" деген ырды жаттоого туура келип, ырдап жатканда кичине жаңылып кеттим. Калыс болуп отурган ырчы Валерий Леонтьев "жок" дегенде мен кырдаалды түшүндүрдүм. Алып баруучу Эрнест Мацкявичюс буга чейин даярдаган ырды ырдашымды суранып, анан гана финалга алышты",- деп билдирген ырчы.
Финалга жолдомо маңдай тер менен келгенин кошумчалаган Кайрат Примбердиев финалда кайрадан "Я любил одну милую" аттуу чыгарманы ырдаарын айтат. Финал Мамлекеттик Кремль сарайында 21-декабрда болот.
Ырчынын чейрек финалдагы өнөр тартуулоосун 12-декабрда "Россия HD" телеканалынан көрсөттү.
Кайрат Примбердиев "Главная сценада" - Я любил одну милую
Кайрат Примбердиев - Есть только миг (Главная сцена. Жарым финал)
Жакын да подряд беш жолу ырдады братандын тойун да Москва да бечара тердеп кетти ле салфетка берип койдум столдон алып , жакшы эле ырдайткен
-7
Geroy
2015-12-14 09:05:47
Кайрат, азаматсын. Ырчы деп Кайратты айтсак.
+1
bek040295
2015-12-14 09:38:19
мр3 вариантын кайдан тапсак болот экен ким билет?
0
AiBoru
2015-12-20 03:41:30
Негизи ото жагымдуу кабар. Азамат ушинтип башка элге, башка жерне КЫРГЫЗымдын атын чыгаарып, туусун которгон азаматтарыбыз коп болсун. Ийгилик.
Бирок, эмне учун мурдагы жанылыкты кайра кайра бересинер???
0
Nurluujan16
2015-12-20 04:52:10
Кайрат азамат рахиат аракетиңе! Сенин артың менин элибиздиин аты дагы жаңырып жатат!
0
Lumia-800
2015-12-20 09:23:15
Сонун!
Мына сага деп поэзд журуп баратты келтирип сал да.
+1
Izdeim_seni.
2015-12-20 10:06:50
Кечке эле жаныла береби деги,откондо эле жанылып калдым деп чейрек финалга отту деватышат ле го?
0
temirov76
2015-12-20 10:15:26
Азамат поезди токтотбой туз эле вокзалдагы финалга кирип барып женип кел эми иним биринчи орунду багындырып,сага ийгилик каалайбыз!!!
+2
Sandrana
2015-12-20 12:41:21
Кайратты 1 чини алышын АЛЛА колдосун!
0
Саби
2015-12-20 13:06:09
Мен да бул ырчыны коптунун бири, фонаг менен эле журсо керек десем.Талант турбайбы.Унуно баракелде кандай болсо да жениш сеники мага окшогон сага ишенбегендерди очурдун окшойт.
+1
adina_love
2015-12-20 15:28:57
МЕн теледен Кайраттын чыгышын аябай кутуп кордум.. Эн соонун ырдады.. Кадимкидей толкунданып мен чыгып жаткандай сезим болду...