ЭЛДИК КАБАР: Кызыл-Суу айыл аймагындагы жарым-жартылай кулаган үйлөр (фото)

17-18-ноябрь күндөрү Ош облусунда 3 ирет болгон жер титирөөдөн Кызыл-Суу айыл аймагындагы бир катар үйлөр зыянга учурады. SUPER.KG`нин окурманы жарым-жартылай кулап калган үйлөрдүн абалын көрүп, алардын сүрөттөрүн WhatsApp аркылуу жиберди.

ӨКМнын маалыматына таянсак, учурда Кызыл-Суу айыл аймагындагы Чайчи айылында, Катта-Талдык айыл аймагындагы Талдык айылында, Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Бек-Жар айылында, Нариман айыл аймагындагы Каратай, Лангар айылдарында, Мады айыл аймагындагы Лаглан жана Тээке айылдарында тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Саат 14:00гө алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Чайчи айылы боюнча 59 турак жай текшерилди. 6 турак жай жарым-жартылай кыйраган болсо, 30у авариялык абалда, 8и капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж, 15и канааттандырарлык деп табылды. Ал эми Тээке айылында 51 турак жай текшерүүгө алынды, авариялык абалда турак жайлар жок, 11 турак жайдын дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
a.m.akmoldoev
2015-11-18 19:11:18
Кудайым озу сактасын. Бул суротогу уйлордун да эскилиги жетип калган экен
+2
aiturgasha
2015-11-18 19:28:24
Аллахым озу сактасын баарыбызды
+4
medetbek
2015-11-18 19:32:45
Жаны салган уйлор да бар экен жалко озунор аман болсонор баары табылат .
+9
a.m.akmoldoev
2015-11-18 20:14:35
medetbek,
Туура айтас эн биринчи байлык ден соолук
+3
shyba
2015-11-18 20:06:15
Кудайым озун сактай гор Кыргызтанымы(((
0
oruktu_city
2015-11-18 20:27:11
Ооба чынында еле окунучтуу,бул да болсо аллахтын буйругу м,н!....эмнегедир еч бир уй жер титироого каршы салынбаптыр...ошол учун коп уйлор урап тушуптур...
0
EdikoKG
2015-11-18 20:42:29
Тилсиз жоо. Сен бай,сен кедей же сен туштук,мен тундук деп болунгонуно карабайт. Адамдар ниет,пейилди ондоп ынтымакта бололу. Тынч бололу.
+1
tuigan.
2015-11-18 21:04:38
Алтын башынар аман болсун.бул да Аллахтын берген сыноосу.
+4
88inara88
2015-11-18 21:44:03
Кышында жаман эле Брокеркредитсервис суукта каякта жашайт эми,кара жанды зорго багып атканда
+1
gitarachy
2015-11-18 22:55:03
Кудайым чоң сактады
0
Janym345
2015-11-18 23:08:58
Кудай озу сактасын 6 балда ушундай жарылаткен да
0
altyshka_23
2015-11-18 23:25:28
Кудайым сактасын.Кыштын кунундо кайда барат эми булар
0
Bilal2013
2015-11-19 02:32:06
17-ноябрь куну болгону эскертуусу болду окшойт Аллахтын... Студенттик кун деп арак шарап, зынаа, бузукулук, чыр чатак эн коп болгон бузуку, динде жок майрам болгон куну...
+1
Bilal2013
2015-11-19 02:33:23
Кайсы жерде зынаа, бузукулук кобойсо ошол жерге ар кандай Аллахтын кырсык балээлери келет..
+2
bolotbai3
2015-11-19 07:54:16
Кудай озу сактасын,эн акыркы кам кирпичтен салынган уй кулуп жыргап калыптыр го.
0
Vishenka
2015-11-19 14:22:52
Адамдын жанынан,омурунон башка нерсенин баары табылат.Элибиз аман болсун,уй курулат,акча табылат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан