ЭЛДИК КАБАР: Кадамжай районундагы Чаувай айылынын эли өз күчү менен айылга барчу унаа жолун кеңейтип жатат

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айылынын эли өз күчү менен айылга барчу унаа жолун кеңейтип жатат. Жолдун кеңейтилип жаткан бөлүгүнүн бир тарабы жар болуп, буга чейин бир нече унаа кырсыкка кабылганын SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу айткан окурман эми эл аргасыздан өз күчү менен оңдоп алууга мажбур болгонун белгиледи. "Бул жерден 5тей унаа түшүп кетип, адамдардын өмүрү кыйылган. Эми кеңейтип, унаа түшүп кетпеш үчүн жолдун четин тосуп жатабыз",- деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Ern
2015-11-19 17:25:58
Мемлекет жардам бербешин билишти да)))
+5
Holerik10
2015-11-19 17:26:56
Молодецтер,ушинтип эле озун озу ондоп туздоп атат элдер
+4
muha.med
2015-11-20 18:42:05
Holerik10, селер анткен менен ал жерге болунгон акчаны жееп койуп жатышаат оойактагылар
0
Salman777
2015-11-19 17:29:04
оххоо мен отуп жургон жолдорго
+1
avtogrand
2015-11-19 19:21:01
Salman777. Анда сенда акча чыгар.
+5
Adilet_adi
2015-11-19 21:15:12
Эн туура айттында. Колдон келсе салымынарды кошуп койгула кадамжайлыктар
+3
Gulya21
2015-11-19 21:18:14
Молодец
+3
Mars55
2015-11-19 23:30:17
Чаувай эмне деген соз?
+3
jon.as
2015-11-20 08:10:42
Азаматсынар.Айылынардын аты озгочого))
+1
Sandrana
2015-11-20 11:41:18
Кадамжайлыктар кыйын калк келет ошондой)) Бийликти карап отурса небере чебере кыбыра коруп каарып кетишин билдида,ансызда бийликтин карызы мойнуна жетип калды анан кайда жардам берсин!
0
Boldukan86
2015-11-22 01:48:37
туура кылышат давно кылыш керек болчу. аябагандай эле коркунучтуу жолдор.
0
Misirov-Nurlan
2016-02-23 00:15:58
ким ойлосо да эн туура кылыптыр
0
Misirov-Nurlan
2016-02-23 00:16:47
аябай коркунучтуу жол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан