ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү жарык берүүчү чырактар күндүз да күйүп турат. Тиешелүү жактардан чара көрүүнү талап кылам" деди окурман

"Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү жарык берүүчү чырактар күндүз да күйүп турат",- деди SUPER.KG'ге 19-ноябрь күнү WhatsApp аркылуу байланышка чыккан окурман.
Мындай көрүнүш бүгүн гана эмес, дайыма кайталанып келе жатканын айтып, тиешелүү жактарды жазага тартууну талап кыла турганын белгиледи. "Өкмөт элден электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну талап кылып келе жатат. Мэриянын минтип жарык берүүчү чырактарды күндүз эле күйгүзүп койгону эмнеси? Же алар өз билгенин кылса боло береби? Өкмөттөн алгач мэрияга чара көрүүнү талап кылам",- деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dasta
2015-11-19 17:59:53
Баалким ремонт боолуп жаткандыр еле***
0
Мэри
2015-11-19 18:12:05
Окурмандын кабатырланганын түшүнсөк болот, бирок бул боюнча тиешелүү жак расмий түрдө жооп берген да. Ал ушул эле Super.kg порталына чыккан. Анда оңдоо иштерине байланыштуу атайын күйгүзүлөрү айтылган.
+1
korul.alai001
2015-11-19 18:38:10
Шумдукко бул окурман.
+1
Arslan12
2015-11-19 19:17:39
СУПЕРдин бугунку эле санын окусан расмий билдируу чыккан.
0
bond0202
2015-11-19 19:51:40
датчиги иштебей калса керек да
0
Gulya21
2015-11-19 21:15:31
Смартфон алайн деп адамдар болбогон эле кабар жаза башташты ойлонуп көрүп анан жазышса болмок
0
a.m.akmoldoev
2015-11-19 21:54:04
Ким билет мумкун кышкыга ремонт болуп жаткандыр.
0
Аскина
2015-11-19 23:30:54
Дабдырап эле жаза бербечи окурман,боло турган нерсени жаз.Ремонт болуп жатат жанбай калган лампочкаларды алмаштырып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан