* Мындан 532 жыл мурун, 1492-жылы Христофор Колумб Кубаны ачкандан 40 жыл өткөндөн кийин Гаити аралын ачкан. "Гаити" деген сөз индейлердин "таино" деген сөзүнөн алынып, "тоолуу өлкө" дегенди түшүндүргөн. 1677-жылы Гаити аралы Франциянын карамагына өткөн. Жергиликтүү калк жок кылынып, ал жакка Африкадан алынып келинген кара терилүү кулдар отурукташып калышкан.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы “Манас” аэропортунда америкалык аскер кызматкери айдоочу Александр Ивановго карай ок ачкан. Бул күнү саат 15:00дө «Манас» Эл аралык аэропортунун аймагында Америка Кошмо Штаттарынын Аскер-аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы, Ганси атындагы авиабазада кызмат өтөгөн Хэтфилд Закаринин катышуусу менен кайгылуу жаңжал болуп өткөн. Ал белгисиз себеп боюнча табелдик куралынан 1964-жылы туулган, авиабазада май куюу кызматтарын көрсөтүүчү «Аэркифт Петрол Менеджмент» ЖЧКсынын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны Александр Степанович Ивановду атып жиберген. Алган жарааттардын натыйжасында А.С.Иванов ооруканадан каза болгон. 2007-жылы 7-майда бул тууралуу кылмыш иши расмий түрдө аяктаган. Башкы прокуратура Закари Хэтфилдди күнөөлүү деп тапкан, бирок АКШнын аскерлери чет өлкөдө кылмыш кылышса, башка өлкөнүн юрисдикциясына алынбаганына байланыштуу АКШ Закари Хэтфилдди Кыргызстанга берген эмес. Ал 2007-жылы 22-мартта мекенине жашыруун кайткан.
* Мындан 98 жыл мурун, 1917-жылы Канаданын Галифакс шаарынын портунда ок-дарылар жүктөлгөн франциялык "Монблан" аскер кемеси норвегиялык "Имо" кемеси менен сүзүшкөн. Кемеде өрт чыгып, кеме жарылып, жыйынтыгында шаардын чоң бөлүгү бузулган. Болжол менен 2 миңдей адам жарылуудан болгон сыныктардын алдында калып каза болгон. 9 миңдей адам жарадар болгон, 400 адам көрбөй калган. Бул кырсык тууралуу 2003-жылы "Разрушенный город" аттуу тасма тартылган. Бул жарылуу өзөктүк доорго чейинки эң күчтүү жарылуу болгон.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Иркутск шаарында көп кабаттуу үйлөргө жүк ташуучу аскердик Ан-124 учагы төрт кыймылдаткычынын үчөө иштебей калгандыктан кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы 23 адам, жердеги 45 адам (каза болгондордун 14ү жаш балдар) каза болгон. 1999-жылы ал үйлөрдүн биринин ордуна Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган чиркөө салынган.
6-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.