* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы (документ боюнча 1976-жыл, 4-январь) Кылычбек Султанов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган, финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.
2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген;
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору;
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары;
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы; 2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри;
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиаменеджери” наамынын ээси;
2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;
2014-жыл, 20-ноябрь - Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы кыргыз элинин ала кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине расмий түрдө катталган. Мындай чечим 3-декабрдан 7-декабрга чейин Парижде өткөн ЮНЕСКОнун Мамлекеттер аралык комитетинин 7-сессиясында кабыл алынган.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы Арменияда магнитудасы 10го барабар болгон зилзала катталган. Күчтүү жер астындагы соккулар жарым мүнөттө өлкөнүн 1 миллион адам жашаган түндүгүн талкалаган. Эпицентр болгон Спитак шаарында жер титирөөнүн күчү 11,2 баллга жеткен. Спитак толугу менен талкаланып, анда 25 миңге чукул киши набыт болгон.
7-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.