9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Эртең менен, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +5°C
Талас облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн +5°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн +3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +1°C
Нарын облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -12°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +3°C