* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу журналист, ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын мурунку башчысы Мелис Эшимканов Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган.
- 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Журналисттик эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Телерадио боюнча мамлекеттик комитетинин Жаштар редакциясынан баштаган.
- 2000-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер;
- 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты;
- 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин УТРКнын (азыркы КТРКнын) башкы директору;
- 2009-жылдын 6-ноябрында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргыз Республикасынын Өнүгүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматта иштеп турган.
Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда Бишкектеги жеке менчик "Камэк" ооруканасында саат 15:00дө 48 жашында жүрөгү токтоп каза болгон.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы төкмө акын Аалы Туткучев Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында туулган. 2005-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. 2002-жылы кыргыз маданиятынын бир бөлүгү болгон акындардын төкмөчүлүк өнөрүн жандандыруу максатында түзүлгөн “Айтыш” коомдук фондунда кыргыз элинин чыгаан төкмө акындары Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун төкмө акындык өнөрүн улап келүүдө.
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы АКШлык изилдөөчү Дуглас Энгельбарт коомчулукка компьютердик манипуляторду ("мышканы") ойлоп тапкандыгын Сан-Францискодо Бирдиктүү күзгү компьютердик конференцияда жарыялаган. Алгач манипулятордо ар бир манжага баскыч турмак, өлчөмү чоң болуп кеткендиктен, Дуглас Энгельбарт бул оюнан кайткан.
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Лондондо белгилүү эки кабаттуу, кызыл Рутмастер автобустарынын эксплуатациясы аяктаган. Акыркы каттамы №159-маршрут менен жүргөн. Автобус менен коштошууга көптөгөн эл чогулган. Ал карылар, кичинекей балдар үчүн ыңгайсыз болгондуктан, эксплуатациядан алынган.
9-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.