* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, КРнын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. Ыр жазып, обон чыгара баштаган.
1973-жылы кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастингден тандалып, урма аспапта алгачкылардан болуп Гүлшайыр Садыбакасова ойногон. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлгөн. Топ Латвия, Литва, Москвага чейин барып келген.
“Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтотуп, Гүлшайыр Садыбакасова окууну бүткөндө Оштогу педучилищеге мугалим катары жөнөтүлгөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыгып, Гүлшайыр Садыбакасова драма театрда 4-5 кыз менен ансамблге кошулган. Ансамбль “Кыз-Бурак” деп аталган.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы коомдук ишмер, "Таш көмүр падышасы" атыккан Нурлан Мотуев Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. 1977-жылы аталган айылдагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектепке 1-класска барып, 1987-жылы аяктаган. Андан соң Орусиянын Тюмень мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган. Бул окуусун 1994-жылы бүтүрүп, бир жыл ал жакта жеке ишкердик менен алектенген. 1995-жылы АКШга жол тартып, 1996-жылы Вашингтон шаарындагы Дипломаттык тилдерди тейлөө институтуна тапшырган. Институтту 1999-жылы аяктап, АКШнын Мамлекеттик департаментинде дипломаттарга кыргыз, орус тилдеринен сабак берип эмгек жолун баштаган. Ошол эле учурда “Асаба” гезитинин АКШдагы кабарчысы болуп ишке кирген. 1999-жылы 14-июнда бул гезитке анын Акаевди сындаган алгачкы макаласы жарыкка чыккан. 2001-жылы өз мекенине кайтып келери менен оппозициячыларга кошулуп, Элдик патриоттук кыймылын түзгөн. Көпчүлүккө кыргыз өлкөсүндөгү радикалдык оппозициянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары да таанылган.
* Мындан 147 жыл мурун, 1868-жылы эң биринчи жол чырак Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Аны ойлоп тапкан Ж.Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон.
Алгачкы жол чыракты кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты болгон. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “Токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “Этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн. Ал эми кеч киргенден тартып айланып туруучу газ фонары колдонулган. Андагы кызыл өң “Токто!” жана жашыл өң “Өт!” дегенди түшүндүргөн. 1869-жылы 2-январда газ фонары жарылып кетип, жанындагы жол чыракты башкарган полиция кызматкери жарадар болгон.
* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы украиналык жана орусиялык ырчы, актриса, Украинанын Эл артисти, Ингушетиянын Эл артисти Таисия Повалий Киев облусунун Сквиркой районундагы Шамраевка кыштагында төрөлгөн. 15 жашында окууга Киевге кетип, Глиэр атындагы Киев музыкалык окуу жайын аяктаган. Коомдук жашоого активдүү катышып, 2012-жылы Украинанын Жогорку Радасына депутат болуп шайланган.
10-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.