Депутаттар кыргыз тили тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоодо

ЖКнын 13-марттагы жыйынында Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Чолпон Түмөнбаева депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Депутат Дастан Бекешев "бул комиссия президенттик шайлоодо сынак өткөргөндөн башка эмне жумуш кылат?" деп суроо берди. Буга Түмөнбаева: "Биздин комиссия 2 багытта иш жүргүзөт: билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы жана терминдерди которуу менен. Өлкөнүн башка аймактарында тил көйгөйү жокко эсе, баары кыргызча эле документ иштерин жүргүзүп, кыргызча сүйлөшүп эле иштеп жатышат. Тил маселеси Бишкекте эле жаралууда. "Мамлекеттик тил комиссиясы расмий тилге тоскоолдук кылууда" деген депутаттар кечирип койсун. Атуулдук сезимибизди да ойготуп, келечек муундарга калтыра турган мурас жөнүндө ойлонушубуз керек",- деп жооп берди. Парламентте "КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан