* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы согуштун айынан кыргыз жерине эвакуацияланган геологдор менен палеонтологдор Серафимовка кыштагынан илим үчүн маанилүү ачылыш жасагандыгын билдиришкен. Академик Алексей Борисовский башында турган илимпоздор үч салалуу жылкы-гиппариондун сөөгүн табышкан. Мындан тышкары байыркы доорго таандык деңиз жана кургак жандыктардын скелеттери чыгып, ал кыргыз өлкөсүнүн аймагында биосферанын эволюциялык өнүгүшүн аныктаган.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы мисирлик “Аль-Багдадия” телеканалынын кабарчысы Мунтазар аль-Зейди маалымат жыйынында АКШнын президенти Жорж Бушка: “Бул сага коштошуу өбүшүүсү, ит десе!”- деп, аны бут кийими менен чапкан.
* Мындан 216 жыл мурун, 1799-жылы АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон көз жумган.
Ал 1732-жылы 22-февралда Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. Билимди үйдөн алган жана өзүнчө окуганга да аракет кылган. Келечектеги кул ээлөөчү болсо дагы, кулчулукка каршы чыккан. Жорж Вашингтон Британиянын колониалдык саясатына каршы болуп, колониалдык бийликтин иштерин сындаган.
1774-1775-жылдары Континенталдык конгрессте Виргиниянын төрагаларынын бири болгон. Колониялар британдык метрополия менен бир чечимге келишпестигин билип, аскер формасын кийген. 1775-жылы 15-июнда Конгресстин чечими менен Континенталдык армиянын башчысы болот. Ал армияны Түндүк Америка эгемендүүлүккө жеткиче башкарган. 1787-жылы Вашингтон Конституциялык конвенттин төрагасы болуп шайланган. Анын аракеттери менен Виргиния 1787-жылкы Конституцияны бекиткен. 1789-жылы 30-апрелде ал өзүнүн авторитети жана популярдуулугу менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. 1792-жылы кайрадан төрт жылга президенттикке шайланган.
* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы Ташкент шаарына жакын жерде АНТ-20 учагы жерге кулап түшкөн. Учактагы 36 киши көз жумган.
* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы индиялык киноактёр, режиссёр, продюсер, сценарист Радж Капур Пешаварда туулган. Радж Капур мекенинде болгон бардык сыйлыктарды алган жана бүгүнкү күндө дагы алып келет.
"Индиялык Чарли Чаплин", "Индиялык тасмалар атасы", жана "Чыгыштын көк көздүү падышасы" катары таанылган. Орусияда "Селсаяк жолдош", ал эми Европада "Индиялык Пётр I" катары белгилүү.
Радж Капур өзүнүн алгачкы ролун 1935-жылы "Революция" тасмасында 11 жашында жараткан.
14-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.