* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айылында туулган. Билими жогорку, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. 1983-1985-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы "Фрунзестрой" ишканасында таш тизүүчү болуп баштаган. Кийин мамлекеттик курулуш ишканаларында инженерлик кызматтарда иштеп жүрүп, заводдун директорлугуна чейин жеткен.
2000-жылдардын башында курулуш иштеринин баары токтоп, ошого байланыштуу заводдор да токтоп, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жумушка кирүүгө сунуш болгон. Ошентип, 10 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп, министрликке жеткен.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Бишкек шаарында Түштүк автомагистралынын ачылышы болуп өткөн. Анын ачылышына мурунку президент К.Бакиев катышып, бул жол Бишкектин түштүгү менен түндүгүн байланыштыруучу транспорттук айлампанын башталышы болорун белгилеген. Бишкектеги Түштүк магистралы борбор калаанын Бах жана Байтик баатыр көчөлөрүн бириктирип турат.
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы америкалык сүрөтчү, кинорежиссёр-мультипликатор Уолт Дисней 65 жашында Лос-Анжелесте каза болгон.
Ал каза болгондон кийин анын ордун иниси Рой ээлеп, "Wait Dishey Company`ни" 1971-жылга чейин башкарган. Анын көзү өткөндөн соң компанияны үч киши: Кард Уокер, Донн Тэйтум жана Рон Миллер жетектейт. Уолт Дисней өзүнөн кийин көптөгөн идеяларды, долбоорлорду иш жүзүнө ашырбаган бойдон калтырган. Мына ошол идеялар менен анын компаниясы дагы он жыл бою эч кандай баш оорусу жок иштеген.
Диснейдин көзү өткөндөн кийин, 1971-жылы Манхэттен шаарында "The Walt Disney World" деген парк ачылат. 1983-жылы Токиодо, 1992-жылы Парижде Диснейленддер пайда болот. Азыркы учурда бул компаниянын байлыгы 23,4 миллиард долларды түзөт. "Дисней" империясында 120 миңден ашык адам эмгектенет.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Бириккен Араб Эмиратынын Шаржа шаарынын аэропортуна жакын жерде ТУ-154 учагы жарылып, 85 киши каза тапкан. Учак Хоженттен Шаржага учкан. Экипажда 7 адам, 79 жүргүнчү бар болчу. Кырсыкка учактын учкучтары менен диспетчердин бири-бирине түшүнбөстүгү себеп болгон. Учак 370 км/саат ылдамдыгы менен жерди сүзүп, күйүп кеткен. Учак жерди сүзгөн маалда бир штурман учактан ыргып, оор жаракаттарды алып, тирүү калган.
15-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.