Ырчы Чолпонайдын режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” аттуу көркөм тасмасына саундтрек катары жазылган "Два огня" аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Медер Турсуналиевге, обону Аман Бердибаевге таандык. Ырдын мазмуну сүйүү темасын камтыйт. Айта кетсек, Чолпонай аталган тасмада башкы каармандын образын жараткан.