Турсунбай Бакир уулу: "Экс-министр Равшан Сабиров жардамчысы үчүн камакта отурбашы керек"

"Экс-министр Равшан Сабиров жардамчысынын айыбы үчүн камалганы туура эмес",- деди депутат Турсунбай Бакир уулу ЖКнын 14-марттагы жыйынында. Эл өкүлү билдиргендей, аталган экс-министр негизсиз күнөөлөнүүдө. "Сабиров министр болуп дайындалып жатканда мен "сен ажысың, министрликке барсаң жарандардын укугун коргойсуң" деп колдогом. Анын жардамчысы пара менен кармалганы менен министрдин күнөөсү жок. Райондук сот актаган. Мындай жол менен кетсек, анда тергөөчүлөр пара алганы үчүн Ички иштер министрин, окуу жайлардагы мугалимдер, ректорлор пара алгандыгы үчүн Билим берүү министрин камакка алалы",- деди Бакир уулу. Айта кетсек, мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров 7-мартта Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан