19-декабрда өлкө аймагында кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -2°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -2°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +2°C, түнкүсүн -2°C
Баткен облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -3°C
Нарын облусу. Күндүз -14°C, түнкүсүн -20°C
Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -4°C
Эскертүү!
19-20-21-декабрда көпчүлүк аймактарда түнкүсүн мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде кар катуу жаайт. 19-декабрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаайт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.