23-декабрда түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -7°C
Талас облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -12°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -7°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -9°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -18°C
Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -5°C
21-23-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн унаа жолдору тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.