ИИМдин Академиясынын жетекчилери пара алып жаткан жеринен кармалышты

Бишкек шаарында ИИМдин Академиясынын жетекчилери пара алып жаткан жеринен кармалышып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган академиянын жетекчисинин орун басары Рахматилло Амираев 13-мартта 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү. Анын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү акча табылган. Мындан сырткары пара алууга тиешеси бар деп аталган академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаев камакка алынды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан