* Мындан 114 жыл мурун, 1901-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири, Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов Күнгөй-Ак-Суу болуштугунун Чиркей айылында туулган. Анын бала чагы Сазановка айылында өткөн. Ал башында 3 жылдык жергиликтүү орус мектебин бүтүргөн. 1914-жылы Караколдогу шаардык жогорку училищеде окуп, тилекке каршы, 1916-жылкы окуя анын билим алуусуна кедергисин тийгизген. 1920-жылдан тарта ал партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы Түркстан Борбордук Аткаруу комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. Жусуп Абдрахманов 1927-жылы Кыргыз автономиялык облусунун Эл комиссарлар Кеңешине төрагалык кызматка дайындалып, 1938-жылы бейкүнөө атылып кеткен.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Бишкек-Ош аба каттамында "Кыргызстан" аба компаниясынын Ту-134 учагы Ош шаарынын аэропортуна конуп жатканда кырсыкка кабылган. Мындан 26 адам жабыркап, учактын оң канаты жана шассиси сынып, сырты өрттөнүп кеткен.
* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы орус акыны Сергей Есениндин жансыз денеси Ленинграддагы "Англетер" мейманканасынан табылган. Ал 30 жаш курагында көз жумган. Анын сөөгү 31-декабрда жерге берилген.
Улуу акындын өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Айрым иликтөөчүлөр аны өзүн өзү өлтүрдү дешсе, айрымдары киши колдуу болуп өлгөн деп айтып жүрүшөт.
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Сапармурат Ниязов өмүрү өткүчө Түркмөнстандын президенти болуп жарыяланган. Сапармурат Ниязов 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылат. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган.
Түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.
28-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.