Алмазбек Атамбаев: "Митингдер өлкөдө демократия бар экенин билдирет"
“Кыргызстанда парламенттик демократияны орнотууга толук
мүмкүнчүлук бар". Бул сөздү 14-мартта Австриянын президенти менен жолугушуу учурунда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев билдирди. Демократиянын бар экендигин өлкөдө өтүп жаткан ар кандай маанидеги митингдер далилдей тургандыгын айтты президент. "Кыргызстанда өтүп жаткан митингдер - өлкөдө демократиянын бар экендигинен кабар берет. Митинг
болбогон учур - демократиянын жоктугун жана оппозицияга бийлик тарабынан кысым болуп жатканын
чагылдырат. Бирок митинг да мыйзам чегинде өтүшү керек",- деди Атамбаев.