Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2016-жылдын 2-январь күнү театр, оюн-зоок мекемелерин өнүктүрүү максатында кезектеги жыйын өттү. Жыйынга министр Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз, театр, оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери, кино ишмерлери катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Экинчи ирет өткөрүлүп жаткан бул жыйында Садык Шер-Нияздын жаңы коюлган спектаклдерге категория берүү сунушу катышуучулардын арасында кызуу талкуу жаратты. Айрымдар “биз жаңы коюлган спектаклдерге I, II, III даража деп баа берүү менен сапатын көтөрө алабыз” деген пикир айтышса, кээ бирөөлөр “спектаклдерди бир калыпта кармап туруу мүмкүн эмес, актёрлор же режиссёр алмашса, ал спектаклдин деңгээли түшүп же көтөрүлүп кетүүсү толук мүмкүн” деген ойлорун билдиришти.
Спектаклдерге даража берүү боюнча атайын жобо иштелүүдө. Ошондой эле ушул жылдан тарта ар бир театрда театр жумалыгын өткөрүү чечими кабыл алынды. Театр сынчыларынын ишин күчөтүү максатында каражат бөлүү маселеси каралды жана ар бир көрсөтүлгөн оюн-зоок, спектаклдерге сынчылар үчүн бештен орун бөлүнөт. Театр тармагында Көркөм кеңеш түзүлүп, алардын ишин күчөтүү демилгеси колго алынды. Көркөм кеңеш менен биргеликте театр же оюн-зоок мекемелеринин мүлкү толук тизмеге алынат, штаттык түзүм боюнча мониторинг жүргүзүлөт жана кызматкерлер арасында аттестация өткөрүлөт. Эске салсак, театрларда аттестация акыркы 20 жыл аралыгында өткөн эмес.
Кошумчалай кетсек, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.