"People's Choice Award" сыйлыгын "Форсаж 7" тасмасы, Жонни Депп жана Сандра Буллок утуп алды

Кечээ Лос-Анжелесте кино, музыка жана телевидение тармагы боюнча белгилүү болгон "People's Choice Award" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аталган сыйлыктын расмий сайты жарыялады.

Жеңүүчүлөрдү интернеттеги сурамжылоонун жыйынтыгы менен аныкташты. Сандра Буллок "Сүйкүмдүү киноактриса", Жонни Депп "Сүйкүмдүү драма киноактёру" деп табылышты. Жонни Депп бул сыйлыкка биринчи жолу ээ болуп жатпаганын кошумчалай кетели. Ал эми сурамжылоого катышкандар "Сүйкүмдүү актёр" деп Чаннинг Татумду тандашкан.

"Форсаж 7" тасмасы "Сүйүктүү тасма" жана "Сүйүктүү боевик" сыйлыктарына ээ болду.

"Комедия жанрындагы сүйкүмдүү актриса" сыйлыгы Мелисса МакКартиге, "Сүйкүмдүү драма актриса" сыйлыгы Дакота Жонсонго буюрду.

Тейлор Свифт "Сүйкүмдүү ырчы" жана "Сүйкүмдүү поп-аткаруучу" сыйлыктарын утуп алды.

Кечени актриса Жейн Линч алып барды. "Форсаждын" жылдызы Вин Дизель сыйлыкты алып жатып 2013-жылы автоунаа кырсыгынан каза болгон Пол Уокерди эскерди.

Чет элдик басылмалардын биринде Жейн Линч аземде жакында болгон сулуулук сынагындагы чуулгандуу окуяны чагылдырган тамаша көрсөткөнүн жазган.

Бул сыйлык 1975-жылдан бери жыл сайын берилип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2016-01-08 11:10:37
shailoo2015 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан