ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында орундун жоктугунан бейтаптар коридордо жатып дарыланууга мажбур

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында орундун жоктугунан бейтаптар коридордо жатып дарыланууга мажбур. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер бейтаптардын санын кыскартуунун ар кандай айласын издешүүдө.

Балдарым ооруп, ушул ооруканага 2-январда түшкөнбүз. Бүгүн майрам болгондуктан, нөөмөттөгү дарыгер “абалыңар жакшы болуп калса, өз каалооңор менен ооруканадан чыккыла” деди. “Бизди жакшы болду десеңиз, "дарыгерлер чыгарды" деген тастыктоочу кагаз жазып бериңиз” десем, “анда жата бергиле” деп чыгып кетти. Муну кандайча түшүнсө болот? Эртең баламдын абалы начарлап калса, "өзүңөр чыккансыңар, өзүңөр күнөөлүүсүңөр” дешет да.

Экинчиден, ооруканадагы медицина кызматкерлери бейтаптарга орой жана кайдыгер мамиле жасашат экен. Биз жаткан күндөн бери палаталар жуула элек, тегерек-чети кир”,- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jemile
2016-01-07 15:52:39
Элдик кабар жакшы чыкты..
Мурун кай бир жерден ушундай көйгөйлүү маселелерди көрүп кыжырданып кала берсең, азыр 1,2,3 и сразым Элге жетет...
+2
kobra86
2016-01-07 16:33:25
jemile, айтпагыла оорулунун баласы полго кокусунан кусуп салса апасына тазалатышат мед айымдар кагып согуп мамиле кылышат озгочо жугушту оорулар болумунун кызматкерлери
+1
Rakyl12
2016-01-07 19:05:02
бир убактары менда баргам бирок жай жок тиги бу деп жаткырбай коюшкан, оору жугуштуу оору болчу.
+1
aku
2016-01-07 20:47:33
Убара болуп толтура кылып комментарий жазсам чыкпай калды.+((( оз козум менен коргон башыман отконун жазган болчум
0
aku
2016-01-07 20:48:47
(((((
0
janaina
2016-01-12 12:40:49
Бул больницада мен да жаткам , шаар боюнча таптаза , пациенттер озубуз гигиенаны тура сактабайбыз , озум кордум укол сайгандан кийинки ваталарды, мусорларды ар кайсы жака ыргытып ташташат . Анысы аз келгенсип мед персоналдарга кыйкырышат . Тан калганыман чыкканча шаштым … ошо больницада иштегендерге РАХМАТ!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан