Бишкекте аялдамаларга туруп алган таксисттер коомдук транспорттун туура токтошуна тоскоолдук жаратышууда. Бул тууралуу окурман бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“Өзгөчө Чүй кең көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама дайыма таксисттердин токтоочу жайына айланып калган. Троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер мунун айынан жолдун ортосуна токтоп туруп элди түшүрүүгө аргасыз. Жол-кайгуул кызматкерлери жанында туруп буга эч нерсе кылышпайт”,- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.