Бельгия Падышалыгындагы Кыргыз Республикасынын элчисинин катышуусунда Амстердамда жылда өтүүчү Эл аралык "Amsterdam Fair for Special Journey-2016" туризм жана саякат көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөдө өлкөбүздөгү туристтик компаниялар жана чет элдик туристтик операторлор Кыргыз Республикасынын бул тармактагы мүмкүнчүлүктөрүн ачып беришти.
Туристтик операторлордун маалыматына ылайык, акыркы жылдары кыргыз өлкөсүнө нидерландылык туристтердин кызыгуусу артып барат. Саякатчылар Улуу Жибек жолундагы кыргыз жергесине суктанышууда. Чет элдиктерди өзгөчө тоолордун унутулгус кооздугу жана цивилизация жетпеген жерлер, улуттук колорит жана кыргыз элинин өзүнчө бир башкача болгон маданияты тартып турат. Жөө жана велосипед же ат үстүндө сейилдөө, боз үйдөгү жашоо же жайлоодогу чатырда түнөө тажрыйбалуу саякатчыга жаратылыш жана көчмөндөрдөн калган бай мурас менен бирге болууга мүмкүнчүлүк ачат.