ЭЛДИК КАБАР: “Ошто көчө жарыктандыргычтары күнү-түнү күйүп турса, электр энергиясын кантип үнөмдөйбүз?” дейт окурман

Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндө көчө жарыктандыргычтары күнү-түнү күйүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. “Чоңдорубуз каякты карап жатканы түшүнүксүз. Ушинтип отурсак электр энергиясын кантип үнөмдөйбүз?”- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurik.180212
2016-01-12 13:02:20
Ондоп тузоо иштери журуп жатса керек
+1
Rifle_2
2016-01-12 14:52:39
Оңдоп түзөө иштери өчүрүп алып жүргүзүлөт. Бул жерде текшерүү иштери жүрүп жатса керек. Буга чейин да мындай кабарларды окуган элек.
0
aitbek.06
2016-01-12 14:27:29
танга маал очургонду унутуп коюшкан го
0
adilbars
2016-01-12 20:53:32
Ушинтип жазышса керек деп кече эле ойлоп койдум эле, чынында атайын унаа менен кызматкерлер ондоп тузоо иштерин жургузуп жатышканын коргон элем.Бугун жазып чыгышыптыр да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан