Бишкек шаардык мэриясынын Атаандаштык саясат боюнча башкармалыгынын жетекчиси Александр Багута кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Эске салсак, 11-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында депутаттар мэрияга караштуу бир катар жооптуу кызматкерлерди иштен алууну мэрге тапшырган. 13-мартта вице-мэр Вячеслав Красиенко жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров иштен кеткен.