* Мындан 65 жыл мурун, 1951-жылы жеке ишкер Таабалды Эгембердиев Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. Ал 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган. 1992-жылы "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеген жана алкоголсуз ичимдимтерди өндүрүү ишин жайылткан. 2011-жылы Бишкектин чет жагында "Супара" этнографиялык комплексин түзгөн. 2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн Даңк медалына ээ болгон.
Таабалды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ишкерди жерге берүү зыйнаты "Супара" этнокомплексинде 19-май күнү болуп өткөн.
* Мындан 22 жыл мурун, 1994-жылы "легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңештин бул күнкү жыйыны мамлекеттик гербди талдоого арналып, депутаттар сунуш кылынган 5 долбоордун тегерегинде талкуу жүргүзүшкөн. Сунуш кылынган долбоорлор адегенде атайын уюштурулган комиссиялардын элегинен өткөн. Долбоор эскиздерине шарттуу ураан берилип, алардын авторлору комиссия мүчөлөрү үчүн беймаалым калган. Жогорку Кеңеш жыйынында "Нур" урааны менен катышкан долбоор жактырылып, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби катары кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин авторлору Нарын балдар искусство мектебинин директору Асейин Абдраев менен Нарын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Садырбек Дубанаев экендиги коомчулукка белгилүү болгон.
* Мындан 27 жыл мурун, 1989-жылы Орусияда музыкалык “Любэ” (аталышы топтун лидери Николай Расторгуев туулган Подмосковьедеги Люберцы шаарынын аталышынан келип чыккан) тобу түзүлгөн. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун тапкан. Эки жылдык гастролдук сапарынан кийин айтылуу "Атас" альбому жарыкка чыккан.
* Мындан 22 жыл мурун, 1994-жылы швейцариялык ишкер, “Davidoff” (тамеки, кофе, парфюмерия...) компаниясынын негиздөөчүсү Зино Давидофф Женевада көз жумган. Зино Давидофф 1906-жылы 11-мартта Украинанын Новгород-Северский шаарында туулган. Ал төрөлгөндөн кийин үй-бүлөсү Киевге, 1911-жылы болсо Швейцарияга көчүп кетип, 1912-жылы тамеки сатуучу дүкөн ачкан. Зино Давидофф 1924-жылы мектепти аяктап, Латын Америкасына тамеки бизнесин изилдөө үчүн жөнөгөн. Аргентина, Бразилия, Кубага барып, 2 жыл тамеки талааларында иштеген. Швейцарияга 1930-жылы кайтып келип, ата-энесинин дүкөнүн өз колуна алган. Убакыттын өтүшү менен кадимки тамеки саткан дүкөн ири компанияга айланып, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көп жетишкендиктерге жеткен.
14-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.