Бүгүн, 13-январда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында «Сюрприз» кинокомедиясынын жабык көрсөтүүсү өттү. Тасманы биринчилерден болуп команданын мүчөлөрү, тасманын демөөрчүлөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү көрө алышты.
Режиссёр Адилет Акматовдун айтымында, тасманы тартуу иштери Ош шаарынан башталып, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарында жүргүзүлүп, Караколдо аяктаган. "Тасмада мүнөздөрү карама-каршы келген эки адамдын мамилеси көрсөтүлөт. Бири бай, жеке ишкер, экинчиси кедей, айылдык жигит болот. Тагдырдын буйругу менен алар Оштон Караколго чейин чогуу барышат. Жолдо ар кандай окуяларды башынан кечирип, достошуп, бири-биринен сабак алышат",- деди Акматов.
Комедияда башкы каармандардын бири Жапар аттуу айылдык жигиттин ролун ойногон "тамашоучу" Эмил Эсеналиев тасманын аягында драмалык окуянын бар болгону анын өзгөчөлүгү экенин айтты. "Буга чейинки тасмаларда мен мушташып көргөн эмес элем, бул комедияда драма да ойноп көрдүм. Каарманымдын мүнөзү ошондой эле калган. Баарын түшүнгөн, кыйынчылыктарды, оорчулукту оңой кабыл алган тамашакөй жигиттин образын жаратканга аракет жасадым",- дейт Эсеналиев.
Актёр Азиз Мурадиллаев экинчи башкы каарман Гапардын мүнөзү жөнүндө айтып берди. "Гапар жашоодо кичине көпкөн, карапайым элди үчүнчү сорттогу адамдар катары көргөн, өзүн аябай өйдө койгон адам. Бирок бара-бара анын мүнөзүндө жана аң-сезиминде өзгөрүүлөр болот",- деди актёр.
Орусиялык ТНТ телеканалынын "Универ", "Счастливы вместе", "Дружба народов" жана башка комедиялык сериалдарында тартылган Ашот Кещян "Сюрприз" тасмасында МАИчинин ролун ойногон.
Айта кетсек, "Сюрприз" комедиясы 14-январдан тарта Бишкектеги бардык кинотеатрларда жана Ош шаарындагы "Ак-Буура", "Семетей" кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.