ЭЛДИК КАБАР: Нарындын Куланак айылындагы кесиптик лицей авариялык абалда

Нарын облусунун Куланак айылындагы төрт кабаттуу №86-кесиптик лицейдин спорттук залы, төртүнчү кабаты жана чатыры авариялык абалда. Бул тууралуу 14-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. Имарат 3 жыл мурун капиталдык оңдоодон өткөнүнө карабай авариялык абалга келгени айтылды. Лицей 1954-жылы ишке берилип, 2012-жылы дүйнөлүк банктардын бири имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө акча бөлгөн. Лицей учурда долбоор жазып, жаңы донор издеп жатат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aziko1414
2016-01-19 01:03:54
Куланак мен сени суйоммм!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан