Жылнаама, 15-январь: Мындан 85 жыл мурун кыргыздын чыгаан жазуучусу Төлөгөн Касымбеков туулган

* Мындан 85 жыл мурун, 1931-жылы кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп эмгектенген. Т.Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн. Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Биримдигинин дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган.
Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон.

* Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы КРнын ИИМинин Кызматтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экс-башчысы, Эрдик медалынын ээси, милициянын генерал-майору Чыныбек Алиев туулган.
Ал эми 2004-жылы 5-майда Чыныбек Алиев кызматтык автоунаасын айдап келе жатып жол чыракка токтогондо белгисиз бирөөлөр ак БМВ менен жете келип, Калашников автоматы менен атып кетишкен. Алган жаракаттан улам Чыныбек Алиев каза болгон.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы "футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган" деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген.
Футболдук ишмердүүлүгүн кыргыз жеринде баштап, кийин казакстандык “Актөбе” клубунда ойногон Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгүнө дароо операция жасалган. Ага акыркы операция Израилде жасалып, жыйынтыгы жакшы экени маалымдалган.

* Мындан 23 жыл мурун, 1993-жылы АКШнын NBC телеканалында айтылуу “Санта-Барбара” сериалынын соңку 2137-сериясы эфирге чыккан.
1984-жылы 30-июлда Американын NBC каналында "Санта-Барбара" сериалы көрсөтүлө баштаган. Сериал 9 сезон, 2137 сериядан турган. Ал Санта-Барбара шаарында турган, жашоосу окуяларга толгон, бай Кэпвеллдердин үй-бүлөсү тууралуу болгон.

15-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан