Бүгүн, 15-январда "Токмок" чек ара тозотунун аймагынан кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн 3 кыргыз аял кармалды.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, кармалгандар буга чейин Казакстанда иштешкен. Алардын коңшу мамлекеттин аймагында иштегенге берилген уруксат кагазынын мөөнөтү өтүп кеткендиги жана жанында өздүгүн тастыктоочу эч кандай документтери жок экени аныкталды.
Маалыматка ылайык, алар Чүй дарыясынын суусун кечип өтүп баратканда кармалышкан. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилишти. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.