* Мындан 35 жыл мурун, 1981-жылы ырчы Замир Арыкбаев Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.
* Мындан 74 жыл мурун, 1942-жылы Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган америкалык мушкер Мухаммед Али (чын аты-жөнү Кассиус Клей) АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн. 1981-жылы спорттун бокс түрүнөн биротоло кеткенден кийин Мухаммед Али коомдук маселелер менен алек боло баштаган.
Легендага айланган Мухаммед Али капыстан Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Адатта, бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан.
* Мындан 54 жыл мурун, 1962-жылы “Бет кап” тасмасы аркылуу атактуу болгон актёр жана комик Жим Керри Канаданын Онтарио провинциясындагы Ньюмаркет деген жерде туулган.
Ал АКШдагы эң көп гонорар төлөнгөн комиктердин сап башында. Жим Керри өзүнүн эмгек жолунда эки ирет "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болсо, алты жолу ал сыйлыкка көрсөтүлгөн. "Бет кап", "Алдамчы", "Колунан баары келген Брюс" сыяктуу бир топ тасмалардын көркүн ачкан актёр, комедиялуу кинонун "атасы" Жим Керри бир да жолу "Оскарга" талапкер болгон эмес. Анын: "Прожектордун жарыгына көзүмдү уялтып, сыймыктануу, толкундануу менен сахнада тургум келет. Албетте, мындай жагымдуу учурга "Оскарды" алганда гана туш болсом керек. Бул эң башкы максатым",- деп айтканы бар. Ал эми актёрдун күйөрмандары болсо "Керринин талантынын алдында "Оскар" эч нерсеге татыбайт. Анын атагы бул киносыйлыгынан көз каранды эмес" деп билдиришкен.
* Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы АКШнын 44-президенти Барак Обаманын жубайы, АКШнын биринчи айымы Мишель Обама (турмушка чыкканга чейинки аты Ла Вон Робинсон) Чикаго шаарында туулган. Ата-энеси жөнөкөй кесиптин ээлери, аталган шаардагы суу түтүктөрү компаниясынын кызматкерлери болгон. Мишель Чикагодогу эң престиждүү деген Уитни Янг атындагы мектепте окуп, 1981-жылы Принстон университетинин социология факультетине тапшырып, 1985-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан соң Гарвард юридикалык мектебинде билим алган.
Ал окууну аяктаган соң Чикаго шаарындагы Sidley Austin юридикалык фирмасына кызматка орношуп, өмүрлүк жары Барак Обама менен ошол жерден таанышкан. 1992-жылы эки жаш баш кошушат. Ошол эле жылы Мишель Обама Чикаго шаарынын мэринин жардамчысы кызматына орношот. 1993-жылы Public Allies аталган жаштардын коомдук бирикмесинде Чикаго шаардык кеңсесинин директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалайт. 1996-жылы М.Обама Чикаго университетинин студенттер менен иштөө деканатынын жардамчысы болуп орношот. Ал эми 2002-жылы АКШдагы бирден-бир мыкты делинген Чикаго университетинин алдындагы Медициналык академиянын коомдук иштер бөлүмүн жетектеп келсе, 2007-жылдан тарта аталган мекемеде коомдук жана тышкы саясат иштери боюнча вице-президенттик кызматын аркалап келген.
17-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.