* Мындан 30 жыл мурун, 1986-жылы "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынан кийин атагы чыккан таланттуу актёр Бектемир Мамаюсупов Бишкек шаарында төрөлгөн. Борбордогу №66-мектепте 7-класска чейин окуп, түрк лицейине тапшырган. Окууну бүткөндөн кийин И.Раззаков атындагы Техникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул Кытай жергесинде анын актёрдук шыгы ойгоно баштаган. 2011-жылы АКШны көздөй жол тартып, ал жактан көп кыйынчылыктарга туш болот. Америкада жүргөндө "Салам, Нью-Йорк!" фильмине кастинг жарыяланганын угуп, кол телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада Баатыр аттуу жигиттин ролун мыкты жаратканы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы саат 17:00 чамасында Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" аталып жүргөн 29 жаштагы Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Маркум шаардын "смотрящийи" жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кара-Балта ШИИБинин каттоосунда турган.
Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 ок табышкан. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, У.Садабаевди кылмышкерлер үйүнө келе жаткан учурда атышкан.
* Мындан 134 жыл мурун, 1882-жылы “Винни-Пухтун” автору, англиялык жазуучу Алан Александр Милн Лондондун Килбёрн районунда туулган.
Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Согуштан кийин көптөгөн жылдар бою англиялык "Панч" юмордук журналында иштеген.
Винни-Пух тууралуу окуяларды өзүнүн уулу Кристофер Робин Милн үчүн ойлоп таап жаза баштайт. Винни тууралуу чыгармасына чейин Алан Александр Милн атагы алыска тараган драматург болгон. Бирок Винни-Пух тууралуу китеби жарык көргөндөн кийин анын атагы мурункудан да өскөн.
* Мындан 61 жыл мурун, 1955-жылы америкалык киноактёр, “Жан сакчы” аттуу тасмадагы ролу менен белгилүү болгон Кевин Костнер АКШнын Калифорния штатындагы Линвуд шаарында туулган.
Кевин Костнер актёр гана эмес, продюсер, режиссёр жана музыкант дагы. Ал эки жолку "Алтын глобус" (1991, 2013), "Эмми" (2012) сыйлыктарынын ээси. Ошондой эле 1991-жылы "Мыкты тасма" жана "Мыкты режиссёрлук иш" номинациялары боюнча эки "Оскарга" ээ болгон.
18-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.