ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайда алтын кенинин иштешине каршы тургундар жол тосушту

Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынын тургундары Кара-Казык алтын кенинин иштешине каршы жол тосушту. Бул тууралуу 16-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. Жол эки күндөн бери тосулуп турганы, КамАЗдар өткөрүлбөй жатканы айтылды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kamyr26
2016-01-16 13:47:36
Жол тоскондорду камаш керек акча алып алышатта жолго чыгып алышат ачуу чындык
-5
Rifle_2
2016-01-16 17:14:23
Кайра тосбой ошол алтын кенге барып жумуш орундары менен камсыз болбойбу ?
+1
Mars55
2016-01-16 14:16:23
Акча алып кайра ачып коёт болду иш бүтөт.
0
jakikj
2016-01-16 14:23:38
Элдин талабы да туура жолду тостурбай анан алардын маселелерин да чечип бербейби кен казчу жерге мал жайса керек элдер Алай Чон Алай мал чарбачылыгы менен жашайт анан алардын жайытын бузуп ууландырып салышсынбы. Анан кытайга жуктоп алып кетип ошол жактан алтынды ажыратат имиш деген андай болсо кайдагы контрол болот канча чыкканын ким билет биздин аянтты сата албай акыры жерди топуракты сата башташты окшойт. Мына эл журт биздин керек болсо топурагыбыз да асыл кымбат андыктан мекенибизди сактайлы
+12
Aviator
2016-01-16 16:00:21
алтын казганга чейин деле карапайым эл жыргаган жок. кен иштеген кундо деле чон сооройлор эле жыргабаса,карарайым эл ошол бойдон эле калат. ошондуктан ал алтындар казылбай жата бергени жакшы. кийин бир эл, мамлекет деген адам келсе,ошондо алтындын пайдасы тийер
+3
Medina..
2016-01-16 16:08:11
500 белгиге орун
-1
alooke
2016-01-16 18:57:24
Бу мыйзам деген байкушту же бийлиги сыйлабады же карапайымы сыйлабады... Былтыр "жол тоскондор камалат" деген мыйзам кабыл алынды эле го. Жаман болсо да бар нерсени сыйлаганды качан үйрөнөбүз? Бир нерсе жакпай калса эле жолго жатып алмайды токтотолу. Алайлык туугандар силерден башка да эл бар өлкөдө, алар бөөдө зыян тартпасын. Азыркы бийлик турганда бир дагы кен элди жыргата турган шартта иштетилбейт! Убара болбогула, ден соолук керек
0
Berkmambet
2016-01-16 19:50:24
Кытайга алып барып ажыраткан да алтын эле эмес башка 14 элементке ажырайт экен,анан да алтын казган жерде кытайлар сууну башынан булгашып айбан кылбаган нерселерди кылышат экен бул маалыматты ошол компанияда шопур болуп иштеган адамдан уккан элем
+3
behappy74
2016-01-16 20:54:00
Кытай жаман болсо ушунча даражага жетет беле. Бизге келген жлди жаман кылнан озубуз го. Бир кулак кубанаарлык иш жасабайбыз го чиркин
-2
jake91
2016-01-16 21:36:29
Создун кыскасы мен карапайым ел мнмин алтынды казган менен елге пайдасы тийбейт
+2
Flander
2016-01-18 11:51:59
Алтын казса да жаман казбаса дагы жаман.Ал элдин кыжыры келгенден эмес,акчадан куру калган бир чиновниктин уюштурганы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан