ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайда ынтымак үчүн өткөрүлгөн волейбол мелдешинде Ачы-Суу айылы жеңүүчү болду

Кечээ, 15-январда Чоң-Алай районунун Жекенди айылында райондун бардык айылдарынын, Алай районунун Талды-Суу айылынын жана Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздардын командаларынын ортосунда салтка айланган волейбол мелдеши өттү. Муну бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Белгилей кетчү нерсе, бардык оюнчулар 40 жаштагылар же 1976-жылы туулгандар болду. 1-орунду Чоң-Алай районунун Ачы-Суу айылынан келген команда, 2-орунду Кара-Мык айылынын, 3-орунду Чак айылынын оюнчулары ээлешти. Кийинки оюн февралда Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында өтөт",- деген окурман мелдештин максаты эл арасындагы ынтымакты бекемдөө экенин айтат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mars55
2016-01-16 18:42:18
Жекендиде1976-жылкылар топ ойной албайт .
0
jibew
2016-01-16 19:37:32
76нын шерине оюну турбайбы. Мындай оюндар бизде жума сайын отуп турат жыл жыл боюнча.
0
Adilet2014
2016-01-16 21:28:24
Ачы суудагы Саидалимбек деген бала да жакшы ойночу, ал да ойнодубу?
0
Murasbek
2016-01-17 10:32:32
Ачы Суунун оюнчулары азаматсынар
0
gitaris93
2016-01-17 11:44:06
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан