"Ак шоола" балдар хорунун 30 жылдык концертинде ата-энелер көзүнө жаш алышса, жаш балдар сахнадан кетпей элди жылмайтышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-январда Бишкекте "Ак шоола" үлгүлүү балдар хорунун 30 жылдык мааракесине арналган концерт болуп өттү. Совет бийлигинин кулаганына күбө болуп, эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхы менен катар өз тарыхын жазып келаткан хордун концертинде 200дөн ашуун жаш талант өнөрлөрүн элге тартуулады. Улуттук филармониянын залына толо келген элди бала күлкүсү жаңырып, шаңга толгон зал жипсиз байлагандай болду, себеби концерттин акырына чейин сыртка шашкандар болгон жок.

Алгач бул хорду түзүлгөндөн тарта билген аттуу-баштуу инсандардын аталган топ тууралуу айткан видеолору элге көрсөтүлдү. Алар бул тарых экенин, 30 жылдык эмгек менен кыргыз маданиятына чоң салым кошконун айтышты. Өзгөчө кыргыз тилинде балдарга ылайыкташкан ырлар, көргөзмөлөр кезинде табылбаганын, бактыга жараша, "Ак шоола" ушул жүктү моюнга алганын баса белгилешти.

Андан соң КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов сахнага чакырылып, сөз сүйлөдү. Министр бул хордун өкмөткө жүгүн артпай, өз алдынча иштеп келатканын, эгемендүү кыргыз өлкөсүнүн маданиятынын өнүгүшүнө 30 жылда зор салым кошконун айтты. Андан соң концерттик программага кезек берилди.

Жаш таланттар чыгармаларды өзгөчө берилүү менен, жогорку чеберчилик менен аткарышты. Ал эми көрүүчүлөр сахнага чыккан балдарды дүркүрөгөн кол чабуулар менен көшөгө артына узатып жатышты. Хордун негиздөөчүсү жана жетекчиси Гүлмира Эсенгулова концертке даярдык өткөн жылдын август айында башталганын айтты. Сахнага балдарды Анарбек Ибраев, Динара Акулова, Асел Турдалиева, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев, Чолпонай, Гүлжигит Калыков сыяктуу ырчылар коштоп чыгып, чогуу чыгарма аткарышты. Актёр, "тамашоучу" Самат Эркинбеков жаш балдар менен бирге элге күлкү тартуулады.

Балдарды сахнадан алып кетүү чоңдорго түйшүк, көрүп отурган элге күлкү жаратты, анткени ырдап бүткөндө алар кол булгалап, эл менен көпкө "коштошуп", эжекелерине көңүл бурбай калып жатышты.

Сахнанын алдындагы көрүнүш дал ушундай. Ал эми сахна артында түйшүк кадимкидей байкалды. Албетте, 4 жаштагы балдардан тартып 20 жашка чейинки курактагы жигит-кыздарды көзөмөлдөө оңойго турбайт. Кезек келгенге чейин эң кенже таланттарды кийим которуучу жайларга киргизип коюшкан. Залга качкан, бири кыйкырса хор менен баары кыйкырган кичинекей тентектер чоңдорду бир топ түйшүккө салышты. Эң негизгиси, балдар менен иштешүү түйшүктүү болгону менен, ырахаттуу экенин белгиледи Гүлмира Эсенгулова. "Бүгүн бизде тарбияланган жаш таланттардын ата-энелери көзүнө жаш алышты",- деп кошумчалады ал.

Ары түйшүктүү, ары ырахаттуу жумуш менен алышып, көп ийгилик кырын ашып, 30 жылды артта калтырган хордун концерти 3 саатка созулду. Жыйынтыктоочу хорду бүтүрүүчүлөр, топтун кызматкерлери, жаш таланттар биргеликте аткарышты.

"Ак шооланын" бөбөктөрү эстрада ырчылары менен бир сахнада ырдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
akimjan93
2016-01-18 20:05:38
Azamattar sonun boluptur maga jakty
+2
DNurgiza
2016-01-19 00:46:49
сонун болгон го. Гена м.н чебурашка жакты.
0
zinaniz
2016-01-19 02:45:13
Эн сонун Ак-Шоола!Коргондон тажабайсын.Кобуроок концерт берип турушса сонун болмок эле.
0
Elime
2016-01-19 09:20:46
Уйдоку эки баланы тынчтандыра албай чарчайсын 200дой баланы башкарыш да чоон туйшук эмеспи.Азаматтар аябай сонун.Келечектери кен мыкты уул, кыздардан болушсун!
0
zoichka
2016-01-19 10:22:23
Ак шоолага балдарды кантип берсек болот экен
0
aikol87
2016-01-19 11:40:05
Бишкекте болгондо берет элем.Видео сун кутобуз.
0
Sayragul
2016-01-19 12:00:58
Ак шооланын балдар кыздары, жетекчиси Гулмира Эсенгулова абдан жагат. Укмуш сонун ырдашат.Уккан сайын уккун келет. Кулуп жайнап коросун алардын аткаруусундагы ырларды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан