Араван районунун Тепе-Коргон айылында кудуктардан таза суу чыгарыла баштады. Бул тууралуу 18-январда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Буга чейин айылдын тургундары таза суу көйгөйүн чече албай келишкен, себеби алыстан таза сууну тартып келүү татаал болгон. Таза сууну жер түбүнөн чыгарууда дүйнөлүк тажрыйбадагы эң мыкты технологиялар колдонулуп жатат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.