Жылнаама, 20-январь: Мындан 2 жыл мурун Кыргыз Республикасы мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунга ээ болгон

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы “Ак жол” фракциясы төрт казакстандык пансионатка Ысык-Көлдөгү 59 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү боюнча келишимдин ратификациясын жактырып, аны кабыл алган. Эгер буга чейин коңшулар жер салыгын жана башка салыктарды гана төлөп келишсе, келишим кабыл алынгандан кийин ижара төлөмүн да жасап, 1 гектар жерге жылына 24 миң сом төлөнөрү маалым болгон. Айрым депутаттар "жергиликтүү экологдор жана башка текшерүүчүлөр, ошондой эле катардагы эс алуучулар пансионаттарга кире албай калышы мүмкүн" деген ойлорду билдиришкен. Бирок ал жагдайлар келишимде каралганын, эгерде казак тарап ал жоболорду аткарбаса, анда келишимди бузууга мүмкүн экени айтылган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Кыргыз Республикасы мыкты туристтик өлкөлөрдүн рейтингинде 3-орунга ээ болгон. Бул тууралуу "Globe Spots" интернет-порталы жазып чыккан. Эксперттердин ою боюнча, өлкөнүн мындай тепкичке көтөрүлүшүнө анын 44 мамлекетте визасыз тартипти орноткондугу себеп болгон. "Globe Spots" интернет-порталынын рейтингинде 1-орунда Португалия, 2-орунда Мозамбик, 3-орунда Кыргыз Республикасы турса, андан кийинки орундарды Панама, Армения, Куба, Украина, Малави, Канада ээлеген.

* Мындан 23 жыл мурун, 1993-жылы британиялык актриса жана фотомодель Одри Хепбёрн 63 жаш курагында көз жумган. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес.

* Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы АКШнын 44-президенти Барак Обаманын инаугурациялык салтанаты болуп өткөн. Барак Обама президент катары антты АКШ Конгрессинин имараты – Капитолийдин кире беришинде берген. Ант берүүдө Обама өзүнүн саясий кумири катары эсептеген Авраам Линкольн 1861-жылы ант бергенде пайдаланган Библияны колдонгон. Америка президентинин инаугурациясы бир күнгө созулган, АКШнын демократиялык духун жана океандын эки жээгинин ортосунда жашаган 300 миллион калкынын ар түрдүүлүгүн камтууга аракеттенген окуя болгон. 56-ирет өткөн ант берүү же Барак Обаманын инаугурациясы мындай салтанаттарда буга чейин катталган рекордорддун баарын басып өткөн. Ал коротулган акча жагынан эң кымбат, коопсуздук чаралары буга чейин болуп көрбөгөндөй күчөтүлгөн жана көрүүчүлөрүнүн саны да эң көп катталган салтанат болгон.

20-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taku.14.02
2016-01-20 08:23:56
бул жон кана соз менен да эгипет тайлант туртциялар турганда биз кайдан бизге коп туристер келсе эчак эле бутка туруп кетпейт белек
0
Sobr777
2016-01-20 09:56:11
Taku.14.02,бул статистиканы ойноп отуруп эле чыгарып койду э ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан