Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Бүргөндү айылында газ уурдап, аки таш күйгүзгөндөрдү тургундар айыл өкмөтү жана айыл аксакалдары менен биргеликте кармашты. Айылда газ жок болгондуктан, тургундар кыйналышып, тажагандан митингге чыгышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Viber аркылуу билдирди.
"Крышам" бар деп эле өзүнүн байлыгына таянган Жолчу Юсубалиев аки таш күйгүзөт. Ар бир очогунан 100 тонна аки таш алат. Эл өзүбүздө газ турса да, кыштын күнүндө суукта көмүр жагып жатат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.