Аксы районунун Кербен шаарындагы Ак-Дөбө айылында бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бул бала бакча заманбап жана район боюнча эң чоң бала бакча болуп эсептелет. Ачылышына өкмөттүн Жалал-Абад боюнча өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов, Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев, Кербен шаарынын мэри Абдумалик Абсаматов жана айылдын активисттери катышып жатышат.
Бала бакча мурда дыйкан чарбанын эсебинде эле. Кийин жеке адамга 1 миллион сомго сатылып кеткен. Кербен шаарынын мэриясы 2014-жылы кайра 2 миллион 200 миң сомго сатып алып, элдин жардамы менен марафон уюштуруп, түшкөн каражатка оңдоп-түзөө иштерин жасатты",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.