Бүгүн, 22-январда Бишкекте чыгаан кинорежиссёр, сценарист, СССРдин Эл артисти Төлөмүш Океевдин жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Токтогул атындагы адабият музейинде бир аптага созула турган көргөзмөнүн ачылышына кино ишмери менен кезинде чогуу иштеген КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Сагын Ишенов, КРнын Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери Асан Жайлообаев, жубайы Жумаш Океева, кыздары Азиза, Алима Океевалар жана башкалар күбө болушту.
Океевдин жубайы Жумаш айым кабарлагандай, көргөзмө режиссёрду эскерүү, жаштарга таалим-тарбия берүү максатында уюштурулган. Анда 2 миңден ашык сүрөттүн ичинен тандалган фотолор коюлган. "Тасма тарткандар сүрөткө өтө көп түшүшөт. Апам бул сүрөттөрдүн бирин кемитпей сактап келатат",- дейт режиссёрдун кызы Азиза.
Ачылыш аземинде эскерүүлөргө орун берилди. Эл алдына чакырылгандар Төлөмүш Океев жараткан "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Көксерек", "Уркуя", "Бакайдын жайыты" сыяктуу тасмалардагы кызыктуу окуялар менен бөлүшүп жатышты. Ошондой эле тасмаларда коюлган чыгармалар кезек-кезеги менен эл алдында жандуу аткарылды.
Көпчүлүк Т.Океевдин элди күлдүргөн куудулдук өнөрү болгонун айтышты. Кайсы бир тасма алдында режиссёр актёрлорго "силердин өңүңөр аппак болуп, кыргызга окшобой турасыңар" деп айтып, 3 күн аларды күнгө күйүүгө мажбурлаганын айрымдар эскерип өтүштү.
"Азыр заман өнүгүп, тасма тартуу мурункуга караганда кыйла жеңилдеп калды. Азыр бир бөлмөдөн чыкпай туруп эле укмуш тасма тартып жатышат. Менин атамдын тасмаларында андай жасалма көрүнүштөр жок. Ооба, бардык кадрлар жандуу болгон. Ал жаш балдар жана жаныбарлар менен мыкты иштешчү. Эсимде, "Көксерек" тасмасын тартып жатканда чоң тобокелге барган. Анда жаш балдар менен Москвадан алынып келинген карышкырлардын ортосундагы аралык өтө аз болчу",- деп эскерет кызы Алима айым.