Кечээ Сочиде 27-Эл аралык "КиВиН-2016" фестивалынын гала-концерти өтүп, ушул жылдын Жогорку Лигасына өткөн командалардын тизмеси белгилүү болду. Тизмеден кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп келген "Азия Mix" командасы да орун алды. Бул тууралуу Эльдияр Кененсаров Instagram түйүнүндө жарыялады.
Шайыр жана тапкычтар клубунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жогорку Лигага жалпы 20 команда жолдомо алды.