“Кыргызнефтегаз” ишканасынын “Спецсервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна 7 миллион рублдан ашык каражатты мыйзамсыз которгону боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 8-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын июлунда тендердин жыйынтыгы менен “Кыргызнефтегаз” жана “Спецсервис” ишканалары 27 миллион 400 миң рублга келишим түзүшкөн. Ошону менен бирге “Спецсервис” көрсөтүлгөн келишимди камсыздандыруу катарында "Банк АКЭФ" банкы аркылуу кепилдигин берип, эгерде “Кыргызнефтегазга” атайын техникалар берилбесе, анда банк акча каражаттарын кайрып берүүсү керектиги айтылган. Бирок 2012-жылдын июнунда банк аталышын өзгөртүп, берилген банктын кепилдиги жасалма болуп чыкканы аныкталган. Ал эми “Спецсервис” көрсөтүлгөн банктын кардары эместиги тастыкталган. Натыйжада мамлекетке 7 миллион 248 миң рубль суммасындагы зыян келтирилген.
Бул факт боюнча “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы”, “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.