ЭЛДИК КАБАР: Аксынын Кызыл-Жар айылын кутурган иттер каптап кетти
Аксы районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө кутурган иттер массалык түрдө жок кылынууда. Бул тууралуу окурман 10-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Кум айылындагы кутурган иттер талаадан койлорду жешип, анын этин жеген башка иттер да кутуруп кетишкен. Азыркы учурда айылдагы иттердин бирин да калтырбай атып жатышканы айтылды.
"Мынчалыкка жеткирбей эртерээк чара көрүшсө болот эле да. Кутурган иттерди дагы да толук атып бүтүшө элек, кечиктирип жатышат. Дарыгерлер тарабынан окуучуларга, жашоочуларга түшүндүрмө берүү керек, коркунуч чоң",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.