Биз социалдык тармакта

Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктап, жол унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштеринин алкагында ирригациялык тармак жаңыланып, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды. Ошондой эле эки катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери түшүрүлдү жана бордюрлар алмаштырылды.

Буга чейин Чүй проспектисинин 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Диаметри 900 мм болгон түтүктөр 1000 ммге чейин кеңейтилген. Аталган жылуулук тармагы 1989-жылы пайдаланууга берилип, нормативдик кызмат мөөнөтү 25 жыл болгонуна карабай, 37 жыл эксплуатацияланган.

Мэрия айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин жана жол белгилеринин талаптарын сактоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан