Таиландда өтө турган XIV Эл аралык тил жана маданият фестивалында Кыргыз Республикасынын атынан Аймат Эркинбек уулу "Ой тобо" элдик ырын ырдайт. Бул тууралуу "Себат" билим берүү мекемесинин кызматкери Ширин Дубанаева маалымдады.
2016-жылдын 13-февралында Таиланддын Бангкок шаарында XIV Эл аралык тил жана маданият фестивалы (IFLC) болот. IFLC фестивалында дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн окуучулар катышышат. Бул маараке улуттар арасындагы биримдик жана достук мамилелерди чыңдоо максатында өткөрүлүп келет.
"Кыргыз мамлекетинин атынан Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицейдин окуучусу Аймат Эркинбек уулу "Ой тобо" деген элдик ыр менен катышат",- деп айтылат маалыматта.